Skip to Main Content (Press Enter)
Жамгырлуу аба ырайында үй жанында токтотулган Lexus ES

Туташуу жана мультимедиа

Lexus компаниясынын заманбап технологиялары ар бир сапарда смартфонду ыңгайлуу туташтырууну, мультимедиа функцияларын колдонууну жана түшүнүктүү башкарууну камсыз кылат.

ES руль дөңгөлөгү аркылуу приборлор панелине жана проекциялык дисплейге көрүнүш

САНАРИПТИК АСПАПТАР ПАНЕЛИ ЖАНА ПРОЕКЦИЯЛЫК ДИСПЛЕЙ

Маанилүү маалымат дайыма көз алдыңызда

Жөндөөгө ыңгайлуу санариптик аспаптар панели жана проекциялык дисплей ылдамдыкты, навигация көрсөтмөлөрүн жана коопсуздук системаларынын эскертүүлөрүн түздөн-түз айдоочунун көз алдына чыгарып, көңүлүн толугу менен жолго бурууга жардам берет.

Күүгүмдө үйдүн жанына токтотулган Lexus ES унаасынын алдынан кыйгач көрүнүшү.

Өз Lexus ES унааңызды түзүңүз

Lexus ES комплектациясын тандоо

Үн

Жогорку класстагы аудиосистема Lexus ES моделинин тынч салонун таза жана көлөмдүү үн менен толтуруп, ар бир сапардан ырахат алууга мүмкүндүк берет.

АУДИОСИСТЕМАЛАР

Lexus каныккан жана терең үндү камсыз кылуу үчүн ар бир модель үчүн атайын түзүлгөн аудиосистемаларды сунуштайт.

17 динамиги бар Mark Levinson® Premium көлөмдүү үн аудиосистемасы

Опционалдуу Mark Levinson аудиосистемасы Hi-Fi форматында музыка угуудан укмуштуудай таасирлерди тартуулайт.

Коопсуздук жана айдоочуга жардам берүү системалары

Алдыңкы иштеп чыгуулардын көп жылдык тажрыйбасын камтыган Lexus Safety System+ активдүү коопсуздук системаларынын комплекси ар бир сапарда коопсуздуктун эң жогорку деңгээлин жана толук ишенимди камсыз кылат.

E-LATCH ЖАНА КООПСУЗ ЧЫГУУ

Эшиктерди коопсуз ачуу

Стандарттык жабдууга кирген e-Latch электрондук кулпусу жакындап келе жаткан транспорт менен кагылышуу тобокелдиги табылганда эшиктердин ачылышына жол бербейт.

LEXUS SAFETY SYSTEM + АКТИВДҮҮ КООПСУЗДУК СИСТЕМАЛАРЫНЫН КОМПЛЕКСИ

Lexus Safety System + эң жаңы активдүү коопсуздук системаларынын комплекси менен коргоонун жаңы деңгээлин баалаңыз.

Кагылышуулардын алдын алуу системасы

Тоскоолдуктарды табуу үчүн камераны жана радарды колдонот, айдоочуга эскертет жана зарыл болгондо тормоздоону активдештирет.

ДИНАМИКАЛЫК АДАПТИВДИК КРУИЗ-КОНТРОЛЬ (DRCC)

Сиздин бейпилдигиңиз үчүн круиз-контроль.

DRCC системасы жол кырдаалына интуитивдик түрдө реакция кылып, айдоочуга түшкөн күчтү азайтат. Жакшыртылган эрте таануу системасы башка автомобилдер сиздин алдыңызга тилкесин өзгөрткөндө же ылдамдыкты азайтканда, автомобилге жолдогу кырдаалга бир калыпта ыңгайлашууга мүмкүндүк берет. Ошол эле учурда интеграцияланган навигациялык маалыматтар бурулуштарга жана айлампа кесилиштерге алдын ала даярданууга жардам берет. Натыйжада айдоо табигыйраак жана тынчыраак болуп, сизге жагымдуу камкордук сезимин тартуулайт.

АЙДООЧУГА ЖАРДАМ БЕРҮҮЧҮ КОШУМЧА СИСТЕМАЛАР

Ишенимдүүлүктү, комфортту жана коопсуздукту жогорулатуу үчүн кошумча функциялар.

Алыскы жарыкты адаптивдик башкаруу системасы

AHS системасы жолдун эң сонун жарыктандырылышын сактап, башка айдоочулардын көзүн убара кылбоо үчүн жарык агымын автоматтык түрдө оңдойт. High Definition версиясына чейин жаңыртуу идеалдуу көрүнүш үчүн жарыктын андан да так бөлүнүшүн камсыз кылат.

Токтотууга (парковкага) жардам берүү системалары

Борттук системанын бир катар инновациялык функциялары менен унааны жай, коопсуз жана так токтотуунун ыңгайлуулугун сезиңиз.

ПАНОРАМАЛЫК КӨРҮНҮШТҮН САНАРИПТИК СИСТЕМАСЫ

Ишенимдүү парковка, эң сонун көрүнүш

Lexus автомобилинин мультимедиа экранында парковкага жардам берүү функциясы

Ишенимдүү парковканы камсыз кылат, тар мейкиндиктерде тоскоолдуктарды таанууга жана аралыкты көзөмөлдөөгө жардам берет.

АРТ ЖАКТАН КАЙЧЫ БАГЫТТА КЕЛАТКАН УНААЛАР ТУУРАЛУУ ЭСКЕРТҮҮ СИСТЕМАСЫ

Артка ишенимдүү жүрүү

Артка жүргөндө система жакындап келаткан унаалар, жөө жүргүнчүлөр жана башка тоскоолдуктар тууралуу жарык жана үн сигналдары менен эскертет. Зарыл болсо, система тормозду автоматтык түрдө иштетет.

ЖҮК САЛГЫЧТЫ КОЛ ТИЙГИЗБЕЙ АЧУУ

Колуңуз бош болбосо да, жүк салгычты ачыңыз

Жүк салгычты ачуу үчүн бутуңузду арткы бампердин астынан шилтеп коюу жетиштүү. Система унаанын артында орун тар болгондо да бул кыймылды тааныйт.

Ар тараптуу ES моделинин кыймылдаткыч варианттарын жана жүрүү сапаттарын изилдеңиз.

Жаңы ES моделинин футуристтик, кенен жана сыпайы салонун баалаңыз.

ES интерьери
Шаар көчөсүндөгү Lexus ES

Ар тараптуу ES моделинин кыймылдаткыч варианттарын жана жүрүү сапаттарын изилдеңиз.

ES динамикасы

Сизге кантип жардам бере алабыз?