Skip to Main Content (Press Enter)

LEXUS SAFETY SYSTEM ИННОВАЦИЯЛЫК КООПСУЗДУГУ

Сиздин коопсуздук - биз үчүн маанилүү. Lexus Safety System + өркүндөтүлгөн коопсуздук системасы сиздин, жүргүнчүлөрүңүздүн, ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууу менен жолдогу унаа кырсыгын алдын алуунун жаңы доорун ачат.
01

LEXUS SAFETY SYSTEM + КООПСУЗДУК СИСТЕМАСЫ

Lexus Safety System + өркүндөтүлгөн коопсуздук системасы - бул унаа коопсуздугуна карай биздин жолдогу жаңы баскыч. Lexus Safety System + өркүндөтүлгөн коопсуздук системасынын беш инновациялык системасы - он жылдаган инновациялардын негизинде иштеп чыгарылган, жолдогу унаа кырсыгынын себептерин дыккат изилдеген, аварияларды алдын алуунун үч негизги аймагын белгилейт: маңдайдан кагылышуу, күтүүсүз ээлеген тилкеден чыгып кетүү жана түнкү убактардагы авариялар
02

КООПСУЗДУК СИСТЕМАСЫ

Тажрыйбалуу айдоочу дайыма айланасындагы шарттарды эске алат: унааны токтотуп жатканда да, кыймыл тилкесин алмаштырууга даярданууда да. Коопсуздук системалары айдоо тажрыйбаңызды кийинки деңгээлге көтөргөн интуитивдик өзгөчөлүктөр менен сезимдериңизди жакшыртат.

УНААНЫ ТИЛКЕНИН БОРБОРУНДА КАРМОО ФУНКЦИЯСЫ МЕНЕН ЖОЛ БЕЛГИСИН КОКУСТАН КЕСИП ӨТҮҮ ЖӨНҮНДӨ БИЛДИРҮҮ СИСТЕМАСЫ (LTA)

LTA системасы бурулуштардан өтүүдө жана магистраль боюнча жүрүүдө өзгөчө пайдалуу. Мындан тышкары системанын жаңы версиясы мурунку версиясына караганда чакан радиустагы бурулуштарда натыйжалуураак болуп саналат. Эгер система сиздин унаанын белгиден чыгып кеткенин байкаса, унааны тилкенин ортосуна кайтарууга жардам берүү менен алдын алуу чараларын көрөт.

 

АЛЫСКЫ ЖАРЫКТЫ АВТОМАТТЫК ТҮРДӨ БАШКАРУУ (AHB)

Башка унаа жакындаганда системанын автоматтык билдиргичтери AHB алыскы жарыкты өчүрөт. Бул башка айдоочулардын көзүн жарыкка урунтпастан түнкү убактарда тынч абалда унааны башкарууга мүмкүндүк берет.

ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮНҮ ТААНУУ ФУНКЦИЯСЫ МЕНЕН КАГЫЛЫШУУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ СИСТЕМАСЫ (PCS)

PCS алдыда келе жаткан унааларды жана жөө жүргүнчүлөрдү тааныйт жана маңдайкы кагылышуунун жогорку мүмкүндүгү жөнүндө сизге билдирет, бул учурда сизге маневрлөө үчүн мүмкүнчүлүк болот. Эгер айдоочу дароо реакция бере албай калса, система тормозго жана рулга таасир берип, кагылышуудагы жаракаттарды азайтат.

 

ДИНАМИКАЛЫК АДАПТИВДИК КРУИЗ-КОНТРОЛЬ (DRCC)

DRCC алдыдагы кетип бара жаткан унаадан коопсуз аралыкта сизди кармап, туруктуу ылдамдыкта тынч жүрүүгө мүмкундүк берет. Өтө катуу жакындаганда DRCC кагылышууну болтурбоо үчүн унааңызды жайлатат.

 

ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ТУУРАЛУУ АЙДООЧУГА МААЛЫМАТ БЕРҮҮ ЖАНА ТААНУУ СИСТЕМАСЫ (RSA)

Кыймылдын коопсуздугун жогорулатуу үчүн жасалган, өзгөчө тааныш эмес жол участокторунда RSA системасы жол белгилерин тааныйт жана мультифункционалдык дисплейге билдирүүлөрдү чыгарат. Алдыда кетип жаткан унаага чейинки коопсуз аралыкты колдоо функциясы бар круиз-контролго байланышкан транспорттук каражаттын ылдамдыгын түздөөнү RSA системасы менен аныкталган ылдамдыкты чегине ылайык өзгөртүүгө болот. RSA бардык жол белгилерин жана эскертүүлөрдү тааныйт, анын ичинде жарыгы бар белгилерди жана өчүп-күйүп турган белгилерди да тааныйт.

УНААНЫ КЫЙМЫЛ ТИЛКЕСИНДЕ КАРМАП ТУРУУ ФУНКЦИЯСЫ МЕНЕН ЭЭЛЕГЕН КЫЙМЫЛ ТИЛКЕСИНЕН ЧЫГЫП КЕТҮҮДӨ ЭСКЕРТҮҮ БЕРҮҮ (LDA)

LDA рулдун вибрациясы менен кыймыл тилкесинде калууга жардам берет, эгер унаа четке кетип жатса, үн жана жарык сигналдарын берет жана салмак менен өз кыймыл тилкеңизге кайтарып коет.

 

СОКУР АЙМАКТАРДЫ МОНИТОРИНГДӨӨ СИСТЕМАСЫ (BSM)

Сокур аймакты мониторингдөө системасы (BSM) айдоочуга тоскоолдуктар тууралуу эскертет, кээде арткы күзгүнүн көрүнбөгөн жагынан унаанын айланасындагылар тууралуу толук түшүнүк алууга толук ишенимдүүлүк менен маневрлөөгө мүмкүндүк берет.

 

ПАРКОВКАЛОО АССИСТЕНТИНИН ӨРКҮНДӨТҮЛГӨН ФУНКЦИЯЛАРЫ

Каалаган мейкиндикке ишенимдүү кирип барыңыз. Парковкалоочу ассистенттин функциялары ар кандай тоскоолдуктар жөнүндө реалдуу убакта сизге билдирип, айдоону жакшыртуу менен жана зарыл учурда тормоздоонун эффектисин жогорулатуу менен унааңызды коргойт.

 

АЛЫСКЫ СВЕТТИ БАШКАРУУНУН АДАПТИВДҮҮ ЖАНА ЭКИ БАСКЫЧТУУ АДАПТИВДҮҮ СИСТЕМАСЫ (AHS)

Алыскы жарыкты автоматтык түрдө башкарунун өнүктүрүлгөн - адаптивдүү функциясы алдыдагы унааны көрүү жана фаранын жарыгын бөлүштүрүүнү автоматтык түрдө оптималдаштыруу үчүн унаанын жогорку жагындагы камераны колдонот: маңдайыңызда келе жаткан же алдыңызда бара жаткан унаага жарыгыңыз менен тоскоолдук жаратпастан өз жолуңузга жарык бересиз. Алыскы жарыкты башкаруунун эки баскычтуу адаптивдүү системасы - алыскы жарыкты башкарууну жогорулатуучу дагы бир өнүккөндүгү.

LEXUS CODRIVE

Lexus CoDrive системасы унаалардын техникалык жабдылышына инновациялык өркүндөөлөрдү өзүнө камтып, айдоочуга транспорттук каражатты толук башкарууга мүмкүнчүлүк берет. Системанын курамына динамикалык-радардык круиз-контроль, жол белгилерин таануу ассистенти жана алдыдагы унаа каражатынын туурасынан кеткен кыймылы жөнүндө эскертүү системасы кирет. Бул мүмкүнчүлүктөрдүн жардамы менен Lexus CoDrive көп функционалдуу дисплейдин жардамы менен учурдагы жол кырдаалу жөнүндө айдоочуга так маалымат берүү менен сапарларды коопсуз жана ыңгайлуу кылат. Lexus LS унаасындагы Lexus CoDrive системасы эми унааны тилкенин ортсунда кармоо функциясы менен жол белгисин кокустан кесип өтүү жөнүндө билдирүүчү ассистентке өткөрүп берилген. Бул жол белгиси көрүнбөгөн учурда да унаанын траекториясын сактап калууга мүмкүндүк берет.

 

АЛДЫДАГЫ ТРАНСПОРТ КАРАЖАТЫНЫН КАЙЧЫЛАШ КЕТКЕН КЫЙМЫЛЫ ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТҮҮ СИСТЕМАСЫ (FCTA)

Кызуу кыймылдагы жолдун кесилиштеринде да унааны кагылышуудан коргоңуз. FCTA системасы кайчылаш багыттагы кетип бараткан унааларды же велосипед айдагандарды таанууга жана айдоочуга проекциялык дисплейдин жардамы менен, кагылышуунун жогорку тобокелдиги болгон учуда - үн сигналдарынын жардамы менен эскертүүгө жөндөмдүү.

ЖӨӨ ЖҮРГҮНЧҮЛӨРДҮ ТААНУУ ФУНКЦИЯСЫ МЕНЕН КАГЫЛЫШУУЛАРДЫ АЛДЫН АЛУУ СИСТЕМАСЫ

Кагылышууларды алдын алуу системасы Lexus LS үчүн иштелип чыккан жана инновациялык технологиялар менен толукталган. Азыр болсо бул унаа дагы капталдан жакындап келе жаткан коркунучтардан коргоочу каптал кагылышууларды алдын алуучу системасы менен жабдылган. Велосипед тепкендерди таанууга жана түнкү убакта жөө жүргүнчүлөргө реакция кылууга жөндөмдүү жөө жүргүнчүлөрдү таануу функциясы менен жол кыймылынын башка катышуучулдарынын коопсуздугу жогорулайт.

 

 

 

ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИН ТААНУУ ЖАНА ЖОЛ БЕЛГИЛЕРИ ЖӨНҮНДӨ АЙДООЧУГА МААЛЫМАТ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫ (RSA)

Кыймылдын, өзгөчө жолдун тааныш эмес участокторунда коопсуздугун жогорулатуу үчүн түзүлгөн RSA системасы жол белгилерин тааныйт жана мультифункционалдык дисплейге билдирүүлөрдү чыгарып турат. Алдыда кетип жаткан унаага чейинки коопсуз аралыкты колдоо функциясы бар круиз-контролго байланыштырылган транспорттук каражаттын ылдамдыгын түзөөнү RSA системасы тарабынан аныкталган ылдамдык чегине ылайык өзгөртүүгө болот. RSA бардык жол белгилерин жана эскертүүлөрдү тааныйт, анын ичинде жарыгы бар белгилерди жана өчүп-күйүп турган белгилердида тааныйт.