Skip to Main Content (Press Enter)

ЭЭЛЕГЕН КЫЙМЫЛ ТИЛКЕСИНЕН ЧЫГЫП КЕТҮҮ ЖӨНҮНДӨ ЭСКЕРТҮҮ (LDA)

Узак сапарлар жана жаңы каттамдар айдоочунун максималдуу концентрациясын талап кылат: так ушул учурларда ээлеген кыймыл тилкесинен чыгып кетүү жөнүндө эскертүү функциясы абдан пайдалуу. Инновациялардын мындай айкалышы рулду башкаруу, унааны кыймыл тилкесинде кармап туруу системасын жана жол белгисин көзөмөлдөөнүн өркүндөтүлгөн технологиясын, эгер унаа динамикалык адаптивдик круиз-контроль режиминде болсо да унааны туруктуу бир кыймыл тилкесинде кармап турууну камтыйт.

LDA камерасынын жардамы менен унаа алдындагы жол белгисине карата унааңыздын абалын баалайт. Бул чечим айдоочуга ар дайым жолдогу ар бир жагдайларды билип туруусуна жана зарыл учурда өз аракетин оңдоп-түздөөгө мүмкүндүк берет.

Айдоонун татаал жагдайларында LDA кошумча колдоону камсыз кылат. Көп учурда чарчоонун жана көңүл коюунун чачырашынын биринчи белгиси болуп унааны бир тарапка ала качуусу саналат. Lexus моделдериндеги жол белгисин кесип өтүү жөнүндо эскертүү функциясы кыймыл тилкесинен чыгып кетүүлөр жөнүндө айдоочуга үн жана жарык сигналдары менен билдирип турат, бул аварияларды алдын алат. Сезгичтиктин ар кандай тескөөлөрү жол белгисин кесип өтүү жөнүндө эскертүүнү сиздин айдоо стилиңизге жараша программалап берүүгө мүмкүндүк берет.

Жолдо дагы көбүрөөк ишенимдүүлүк үчүн рулдун жардамчысы Lexus үлгүлөрү ээлеген кыймыл тилкесинен чыгып кетүү жакындап калган учурда рулду жумшак күч менен берет. Кыймыл тилкесинде кармоо функциясы жаңыланган жана өркүндөтүлгөн: кийинки муундагы кыймыл тилкесинен чыгып кетүү эскертүүсү транспорткаражатын жол тилкесинин ортосунда кармап турат жана курч бурулуштарда жана унаа динамикалык адаптивдик круиз-контролдо турганда да четтен чыгып кетүүнү азайтат.

LDAнын мындай функциялары чарчоо жана концентрациянын кооптуу кыска мөөнөттүү төмөндөөсү болуп саналган себептерден келип чыккан аварияларды алдын алууга жардам берет. LDA сигналдары айдоочуларга көңүлүнүн жыйнактуу жана жол бою өзүнө ишенимдүү болуусуна жардам берет.

Ээлеген кыймыл тилкесинен чыгып кетүү жөнүндө эскертүүчү функциясын интерактивдүү көрсөтүүгө катышыңыз.

Жоопкерчиликтүү чектөө: Эч кандай шартта Lexus коопсуздук системасы кадимки айдоо принциптеринин ордуна колдонулбашы керек; Системаны колдонуудан мурда бул нускаманы окуп чыгыңыз. Коопсуз айдоо үчүн жоопкерчиликти ар дайым айдоочу тартат.

БУЛ ТЕХНОЛОГИЯ МЕНЕН ЖАБДЫЛГАН МОДЕЛДЕР

POST https://dxp-webcarconfig.lexus-europe.com/v1/model-filter-results/kg/ky?model=ux%2Ces%2Cls