ШИНАЛАР
жолдо жүрүүдөгү максималдуу динамикалуулук
Сиздин автоунааңыздын шиналарынын жакшы абалы жолдогу өзүңүздүн коопсуздугуңуз жана жүргүнчүлөрүңүздүн коопсуздугу үчүн абдан маанилүү. Автоунааңыздын шиналарынын абалы татаал аба ырайы болгон учурларда анын тормоздук жолуна жакшы таасир бере алат.
Шиналарды тандоодо көптөгөн факторлорду эске алуу керек: жол менен ажыраткычын, кургак жана жаан-чачын мезгилдерде мыкты башкаруунун жеңилдиги, жогорку ылдамдыктагы туруктуулугу, жол, күйүүчү майдын үнөмдүүлүгү жөнүндө маалымат. Бирок эң жөнөкөй чечим бар: Lexus дилерине келип, Сиз Lexus автоунааңыз үчүн атайын иштелип чыккан шиналарды тандайсыз.
Шиналардын абалы бузулган сайын айдоого да терс таасирин тийгизип баштайт. Иштен чыгып калган шиналарды пайдаланууда жаан-чачын мезгилдерде унааңыздын тормоздук жолунун узундугуна терс таасирин тийгизет жана жүргүнчүлөрүңүзгө коркунуч алып келет. Ал эми туура шиналар кыймылдаткычтын айланып жаткан учурунда натыйжалуу башкаруу, тормоздоо жана которуу үчүн ажыраткычтын деңгээлин камсыз кылат.
LEXUS КЫШКЫ ШИНАЛАРЫ
LEXUS КЫШКЫ ШИНАЛАРЫ
Кышкы шиналарды орнотуу аба ырайынын күтүлбөгөн жагдайларына сизди даяр кармайт. Кышкы шиналар төмөнкү температурада серпилгичтигин жакшы сактаган материалдан даярдалат. Аларда сууну жана баткактарды жолотпогон терең протекторлор жана көптөгөн майда "кесиндилер" бар, алар унааны токтоткондо, жаңы айдап баштаганда жана урлуштарда тартууну жакшыртат жана унааңыздын тормоздук аралыгын кыскартат.
Бул комбинация кышкы шиналарга муздак аба ырайы убактарда суулуу, кар баскан, тоңгон жолдордогу ар кандай шарттарга ыңгайлашат.
ТОРМОЗДУК ЖОЛГО КЫШКЫ ШИНАЛАРДЫН ТААСИРИ
Кар баскан жол
Кышкы шиналардын тормоздук жолу азыраак - 8 метрди түзөт. 30 миль/саат (болжол менен 48 км/саат) ылдамдыкта толук токтогонго чейин кар баскан жолдо токтойт .
ШИНАЛАРДЫ ТЕХНИКАЛЫК ТЕЙЛӨӨ
Автоунааңызды өз убагында техникалык кароодон өткөрүү сиздин эле коопсуздугуңузду камсыз кылбастан, келечекте кымбат баалуу оңдоп-түзөө иштерин да азайтат. Жакшы абалдагы шиналар көбүрөөк үнөмдүү, анткени күйүүчү майдын оптималдуу чыгымын камсыз кылат.
Шиалардын иштен чыгып калышынын белгилерин билүү жана жок кылуу тормоздук жолдун узарышына, сыйгаланууга жана шиналардын жыртылышына жол бербейт. Көп кезиккен белгилери: шиналардын төмөнкү басымы, протекторлордун иштен чыгышы, рулдун вибрациясы, сырттагы шуулдоолор, бир капталга тартуу жана суу жолдогу башкаруучулуктун кыйындашы саналат.
Жогоруда саналып өткөн белгилердин бири байкалса, шиналарды текшерүү үчүн жакныкы Lexus дилерине кайрылыңыз. Шиналар менен болгон көйгөйлөрдү алдын алуу үчүн Lexus эксперттери шиналардагы басымды текшерип туруусун, протекторлордун тереңдиги 1,6 ммдан азайып кетпешин үзгүлтүксүз текшерип турууну жана шиналардын тешилип же тилинип калбашын, иштен чыгышын же чоочун буюмдардын тыгылып калбашын үзгүлтүксүз текшерип туруу керек.