Skip to Main Content (Press Enter)

Тосуп алыңыздар: жап жаңы Lexus ES

The all-new eighth-generation Lexus ES received its European premiere in May 2025, ahead of its start of sales in Spring 2026.

Жаңы lexus ES

Стилдин, молчулуктун жана кылдат көркөмдүктүн жаңы стандарттары

 

Жаңы ES – заманбап сатып алуучулардын бардык артыкчылыктарына жана баалуулуктарына жооп берген модель. Сырткы келбетинде катаалдык менен минимализм менен айкалышып, Lexusтун электромобилдердин дизайнынын келечегине болгон көз карашын чагылдырат.

Казакстанда биринчи жолу Lexus ES өзүн-өзү кубаттоочу (заряддоочу) аргындын (гибриддин) версиясында жеткиликтүү болот. Дүйнөдө биринчи жолу премиум седандын сегизинчи мууну толугу менен электрдик версияга ээ болот.

Жаңы ES 2026-жылдын жазында сатыкка чыгат.

Эпикалык тышкы көрүнүш

  • Сегизинчи муундагы ES Lexus — Clean Tech x Elegance (Таза технологиялар жана Көрктүүлүк) дизайнердик жаңы концепцияга ылайык түзүлгөн.
  •  Динамикалык контурлары жана мыкты аэродинамикасы менен кызыктыра турган ES бардык
  • Салмактуу купе сымал силуэт үстүнүн арткы жагына жантайган сызыгы, капталдан караганда автомобилдин спорттук мүнөзүн баса белгилейт. параметрлер боюнча чоңураак.
  • ESтин сырткы көрүнүшү (экстерьери) Lexusтун фирмалык дизайнын андан ары өнүгүүсүн көрсөтөт жана седандын келбетин электрлештирилген күч менен кубаттайт.

Таасирдүү интерьер

  • ES салону — жыйнактуу, кенен жана жакшыртылган ачык көрүнүшү менен айырмаланган кыска жана ойлонулган мейкиндик.
  • Руль, педалдар, алеттер (приборлор) панели жана башкаруу элементтери жайгашкан айдоочунун жумушчу мейкиндиги (кокпит) Lexus Tazuna принциптеринин негизинде түзүлгөн: башкаруу органдары менен өз ара аракеттенүү жана маалыматты окуу үчүн колдун жана көз караштын минималдуу кыймылы гана талап кылынат.
  • Бөтөнчө (уникалдуу) Bamboo Layering (Бамбуктай катмарлоо) технологиясы менен дүйнөдөгү биринчи автомобиль: салондун атмосфералык ички жарыктандыруусу менен синхрондоштурулган, басып чыгаруу жана жарык өткөрүүчү материалдардын айкалышы аркылуу жарыктандырылган текстуранын эффектин жаратылган инновациялык дизайнердик чечим менен.
  • Салондогу атмосфера, так рельефтик сайма үлгүсү менен атмосфералык жарыктандыруунун айкалышуусунан улам жана Mark Levinson Surround Sound акустикалык системасынын оптималдуу жайгашуусу менен ого бетер кылдат көркөмдүү болуп калды.

 

Бөтөнчө (уникалдуу) Bamboo Layering (Бамбуктай катмарлоо) технологиясы менен дүйнөдөгү биринчи автомобиль: салондун атмосфералык ички жарыктандыруусу менен синхрондоштурулган, басып чыгаруу жана жарык өткөрүүчү материалдардын айкалышы аркылуу жарыктандырылган текстуранын эффектин жаратылган инновациялык дизайнердик чечим менен.

Жаңы деңгээлдеги молчулук жана жайлуулук

  • Молчулукту чагылдырган ES ички мейкиндигин укмуштуудай айдоо тажрыйбасын камсыз кылган кенен бизнес-класс салону билдирет.
  • Автомобилди шофёру менен колдонгондор үчүн төмөнкүдөй кошумча мүмкүнчүлүктөр бар: арты кайра ачылма арткы орундуктар, жылдырылуучу бут таянгыч жана арты алдыга бүктөлгөн алдыңкы жүргүнчү орундугу.
  • Жаңы конструкциядагы алдыңкы орундуктар молчулукту чагылдырган жабуулары менен гана айырмаланбастан, ошондой эле жакшы колдоону камсыздап, келбетти сактоого жардам берет жана рулда отурган учурунда булчуңдарга жүктөмдү азайтат.
  • Эшиктердин жана алар коюлуучу орундардын, ошондой эле алдыңкы эшиктердин айнектеринин жакшыртылган үн жылчыксыздандыруунун эсебинен шуулдоолорду азайтууга көбүрөөк көңүл бурулду. Үндөрдүн табигый жана гармониялуу тең салмактуу кабыл алынышын камсыз кылуу үчүн салондогу үндүн бөлүштүрүлүшү кылдаттык менен иштелип чыккан.

 

 

 

 

 

 

 

Жеткиликтүү жаңы күч орнотмолору

  • Казакстанда биринчи жолу өзүн-өзү кубаттоочу (заряддоочу) ES 350h аргыны (гибридди)  жеткиликтүү болот.
  • Тарыхта биринчи жолу ESтин толук электр версиясы жеткиликтүү болот: аракет кыймылдаткычтан төрт дөңгөлөккө бирдей берилген ES 500e
  • Электрлештирүү жагында Lexus’тун алдыңкы иштеп чыгууларын колдонуу, жаңы Lexus GA-K глобалдык платформасынын  дараметин (потенциалын) толук ачууга мүмкүндүк берди.

 

Негизинде — Lexus Driving Signature философиясы

  • Рулда болгондогу, ES Lexus Driving Signature философиясынын жайлуулук, ишенимдүүлүк жана контролдуулук принциптерине, толук ылайык кылдаттык менен такталып иштеп бүтүрүлгөн.
  • Кузовдун  жогорулатылган катуулугу термелүү кыймылдарын азайтат жана рулду так, интуитивдүү башкарууга, ошондой эле салмактуу ылдамдатууга жана тормоздоого өбөлгө түзөт.
  • Рулдук башкаруу жогорку ылдамдыкта туруктуулукту, бурулуштарда тез  таасир берүүнү жана төмөнкү ылдамдыкта маневр жасоону камсыз кылган өзгөрүлмө өткөрүп берүүчү,  тиштүү рейка менен жабдылган. 
  • Асмасы толугу менен кайра иштелип чыккан, бул жолдо тартууну жакшыртып жана жүрүүнүсалмактуулукту жогорулатты.

Заманбап технологиялар

  • Руль, педалдар, алеттер (приборлор) панели жана башкаруу элементтери жайгашкан айдоочунун жаңы жумушчу мейкиндиги (санариптик кокпит) өзүндө 12,3 дюймдук айдоочунун дисплейин жана 14 дюймдук сенсордук экранды негиздүү бириктирет.
  • Сенсордук экран LexusConnect айдоо навигациясынын жана аудиосистеманын жана климат-контролдун интуитивдик түшүнүктүү функциялары менен жабдылган, ошондой эле Android Auto® жана Apple CarPlay® менен шайкеш келет.
  • Кошумча Mark Levinson Surround Sound аудио системасы салондун ички жарыгына шайкеш келген үч өлчөмдүү үн баскычын жаратат.
  • Алдыңкы панелдеги сезиле турган (тактилдик) кайтарым байланышы бар, көмүскөдөгү жаңы Hidden Switch которгучтары электр кубаты күйгүзүлгөндөн кийин гана көрүнөт.

Жаңы жогорку технологиялык коопсуздук системалары

  • ES өркүндөтүлгөн Lexus Safety System+ активдүү коопсуздук системаларынын комплекстери жана айдоочуга жардам көрсөтүүлөр менен жабдылган.
  • Автоматтык тормоздоо функциясы бар кагылышууларды болтурбоо системасы (PCS) азыр, объекттердин көбүрөөк санын, анын ичинде электросамокаттардагы адамдарды аныктап тааныйт жана кырдаалдардын кеңири диапазонунда жооп берет.
  • Айдоочу көрө албаган айланадагы мейкиндиктин бир бөлүгүн контролдоо системасы эми велосипедчендерди жана мотоциклчендерди аныктап, солго же оңго бурулганда алар менен кагылышуудан качууга жардам берет.

МОДЕЛДИН ТЕХНИКАЛЫК МҮНӨЗДӨМӨЛӨРҮ

 

 Күч орнотмосу HEV  BEV
 Модель

ES 300h

ES 500e

Иштеткичтин түрү Кыймыл берүүнү которуу алдыңкы дөңгөлөккө же бардык төрт дөңгөлөккө Толук
Кыймылдаткыч

2,5 литрлик 4 цилиндрлүү кыймылдаткыч

-
Кыймыл берүүнү которуу коробкасы негизги которуу жана дифференциал менен бирге  eCVT eAxle
Батареянын сыйымдуулугу (кВт/саат) - 74.69

DIN боюнча кубаттуулугу, аттын күчүнө барабар / кВт

201/148 343/252
Саатына 0дөн 100 чакырымга чейин ылдамдоо с: FWD 8.2/ AWD 8.0 5.7
Шиналардын өлчөмү 235/55R19

235/55R19

235/45R21

Кубаттоо (заряддо) убактысы 150 кВт (10дон 80%га чейин)

-

Тышкы абанын температурасы 25°C:

болжол менен 30 минут*¹

Тышкы абанын температурасы 0°C:

болжол менен 40 минут*¹

Тышкы абанын температурасы -10°C:

болжол менен 60 минут*¹

 Жалпы узундугу (мм, чыгарылып жаткан ES менен салыштырганда) 5,140 (+165)
 Жалпы туурасы (мм, чыгарылып жаткан ES менен салыштырганда) 1,920 (+55)
 Жалпы бийиктиги (мм, чыгарылып жаткан ES менен салыштырганда) 1,555 (+110) 1,560 (+115)
 Дөңгөлөк базасы (мм, чыгарылып жаткан ES менен салыштырганда) 2,950 (+80)
Автомобилдин массасы  (кг) 1,785-1,840 2,205-2,285

( ) мурунку модель менен салыштырууну билдирет

*1 болжолдуу кубаттоо (заряддоо) убактысы — тартуучу батареянын зарядынын эскертүүчү жарыгы күйгөн учурдан тартып, заряддын деңгээлинин (SOC) болжол менен 80%га жеткенге чейин.

Иш жузүндөгү кубаттоо (заряддоо) убактысы айлана-чөйрөнүн температурасына жана заряддагычтын мүнөздөмөлөрүнө жараша өзгөрүшү мүмкүн

 

*Моделдердин түрлөрүнүн акыркы мүнөздөмөлөрү сүрөттөрдө көрсөтүлгөндөн айырмаланышы мүмкүн.