Skip to Main Content (Press Enter)

ТЕХНОЛОГИЯЛАР

Биз технологияны чыгармачылыктын катализатору катары карайбыз. Биз жөн гана эң актуалдуу иштерди жасабайбыз, биз аларды өзгөчө жана күтүүсүз багыттарда өнүктүрөбүз.

СТАНДАРТТЫК КОМПЛЕКТАЦИЯДАГЫ ӨЗГӨЧӨ ТЕХНОЛОГИЯЛАР

Lexusтун бардык моделдери эң акыркы заманбап технологиялар менен жабдылган. Иштин жогорку сапаты аркасында алар унутулгус айдоо тажрыйбасын берет. LSS+ сыяктуу салондун эң мыкты жасалгасынан баштап, коопсуздуктун интеллектуалдык жана интуитивдүү системаларына чейин: жогорку технологиялар жана сымбаттуулук биз жасаган нерселердин баарында колдонулат.

ӨРКҮНДӨТҮЛГӨН ЖАБДУУЛАР

Биздин унаалардын стандарттык комплектациясына биздин өнүккөн чечимдердин көбү камтылган, бирок сиз ошондой эле өз табитиңизге жараша жапжаңы маалыматтык-оюн-зоок түзүлмөсүн, климаттык системасын жана коопсуздук функцияларын тандай аласыз. Бул сиз ар бир рулга отурганыңыз сайын айдоодон дагы көбүрөөк ырахаттануу мүмкүнчүлүгүн берет.

Жол жүрүү үчурунда бардыгы сиздин көзөмөлүңүз алдында болот. Приборлор панелиндеги баскычтарды жөн гана басып, сизди курчап турган чөйрөнү өзгөртө аласыз.

АКУСТИКАЛЫК ӨРКҮНДӨӨ

Премиум-класстагы аудиосистемаларды өндүргөн Mark Levinson® компаниясы менен биргеликте биз унаанын оюн-зоок мүмкүнчүлүгүнүн жаңы деңгээлин түзгөн өзгөчө чечимдерди кабыл алабыз.

Mark Levinson® адистери жаңы моделдер концепциясы пайда болгондой бери өнүгүүнүн бардык баскычтарында катышууда. Бул оптималдуу акустиканы камсыз кылуу үчүн салондун түзүлүштөрүн жана параметрлерин тандоого мүмкүндүк берет. Динамиктердин жайгашуусу жана мүнөздөмөсү унаанын ички мейкиндигинин өзгөчөлүгүнө дал келет.

ЖАКШЫРТЫЛГАН АТМОСФЕРА

Унаадагы атмосфера байкалбай калышы мүмкүн, бирок маанилүү ролго ээ. Биз ага өзгөчө маани беребиз, ошондуктан микроскоптук деңгээлде салондун абасынын курамын конролдогон жана коррекциялаган бир катар сыйлыкка татыган Nanoe® технологиясынын колдонобуз. Климаттык системалардын салттуу функцияларынын чегинен чыгып, бул инновация ар кандай кырдаалдарда абсолюттук ыңгайлуулукту кепилдейт.

LEXUS КООПСУЗДУГУ

Сиздин коопсуздук - биз үчүн маанилүү. Lexus Safety System + өркүндөтүлгөн коопсуздук системасы сиздин, жүргүнчүлөрүңүздүн, айдоочу жана унаадагы башка жүргүнчүлөрдүн, ошондой эле жөө жүргүнчүлөрдүн коопсуздугун камсыз кылууу менен жолдогу унаа кырсыгын алдын алуунун жаңы доорун ачат. Сиздин айдоочулук көндүмдөрүңүздү толуктаган жана бекемдеген Lexus Safety System + өркүндөтүлгөн коопсуздук системасы дайыма жолдордо өзүңүзгө ишенүүңүз үчүн сиздин сезүү органдарыңызды курчутат.

КЫЯЛДЫН ЧЕГИНЕН АШУУ

Биздин концептуалдык моделдер келечектүү идеялардын негизинде түзүлгөн жана алар өзүлөрү келечектеги технологиялар үчүн эргүүнүн булагы болуп кызмат кылат. LF-FC, концепт-кар UX жана кинетикалык орундуктардын концепциясы (Kinetic Seat Concept) келечекке карай умтулган, бирок ошону менен бирге жаңы технологиялык жетишкендиктерди аткаруу үчүн кыялдануу эркиндигин берүү менен жаны идеяларды сынап көргөн алдыңкы лабораториялардан болуп саналат.

ЖАҢЫ КӨРҮНҮШТӨГҮ ОРУНДУК

Lexusтун кинетикалык орундугунун революциялык концепциясы 2016-жылы Париж автосалонунда көрсөтүлгөн. Орундуктарга жаңы көз караш менен карап, биз ыңгайлуулуктун деңгээлин жогорулаткан инновациялык торчолуу конструкцияны иштеп чыктык.

Бекемделген булалар жолдо жүрүүдө туруктуулукту, коопсуздукту жана зарыл болгон колдоону камсыз кылат. Бул орундукта сиз физикалык жактан да, эмоционалдык жактан да эс ала аласыз.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ИНТЕРФЕЙСТЕР

UX жана LF-FC карларынын концепцияларында адам менен унаанын өз ара аракетиндеги жөнөкөй, табигый жана ыңгайлуу концепциялар ишке ашырылган.

Мындан ары бул моделдер сиздин жаңсоолорду, дененин, колдун тийишин чечмелеп жана аларга реакция кыла алышат. Мындан сырткары келечек голограммаларды кеңири колдонуу мүмкүнчүлүгүн ачат.

LSТИН АЛДЫҢКЫ ФУНКЦИЯЛАРЫ

Жаңы LS коопсуздук технологиясын принципиалдуу жаңы деңгээлге алып чыгууда. Анын негизинде жаңы, алдыңкы функциялар менен толукталган жана айдоочуну өркүндөтүлгөн колдоо менен камсыз кылган Lexus Safety System+ активдүү коопсуздуктун системалар комплекси жатат. Өркүндөтүлгөн чечимдердин катарына - кагылышууларды алдын алуу системасы (PCS), кыймыл тилкелерин алмаштыруу жөнүндө эскертүү системасы (LDA) жана динамикалык круиз-контроль кирет. Жаңы LS интуитивдик жана интеллектуалдык алгоритмдин негизинде иштеген жана сиздин сезүү органдарыңыздын мүмкүнчүлүгүн толуктаган жөө жүргүнчүлөрдү таануу системасы жана рулдук башкаруунун активдүү ассистенти сыяктуу функциялардын жардамы менен кагылышууларды алдын алуу үчүн инновациялык ыкмаларды камтыйт.

 

LEXUSТУН ЭЛЕКТРЛЕШТИРИЛГЕН КҮЧ АГРЕГАТЫ

Lexus 15 жылдан ашык убакыттан бери динамикалык, эффективдүү жана узак мөөнөттүү унааларды өндүрүүгө мүмкүндүк берген электрификация жаатында инновацияларды жасоодо. Күч агрегаттары үнү жок иштеши менен айырмаланат, айдоодон ырахат тартуулайт жана айлана-чөйрөнү коргоого көмөктөшөт. Алдыңкы технологиялар унааны коопсуз, ыңгайлуу жана кооз кылат. Кийинки муун азыр келди. Бул эң сонун.

 

КОЛДОНУУНУН КҮТҮҮСҮЗ ВАРИАНТТАРЫН ИЗДӨӨДӨ

Биз технологияларга карата динамикалык ыкмаларды колдонобуз. Технологияларды колдонуудагу түрүндө пайдалануунун ордуна биз аларды шыктандыруунун булагы жана жаңы иштеп чыгуулардын башталышы караты карайбыз. Келечекке тынымсыз кароо менен биз чыгырмалык жактан чечмелөөдөбүз жана илимдин жана техниканын акыркы жетишкендиктерин кеңейтебиз.

ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК СКАНЕРЛӨӨ

Биздин стандарт эмес ыкмабызга таянып, биз медицинадан алынган компьютердик томографиянын алдыңкы технологияларын өздөштүрдүк. Биз алардан Lexusтун ишмердиги үчүн күтүүсүз бай потенциалын көрдүк.

Кыймылдаткычты диагностикалоонун салттуу ыкмасы механикалык жана тышкы текшерүүлөрдү камтыйт. Бирок биз ар бир кыймылдаткычтын идеалдуу абалына ишенишибиз керек.

Компьютердик томография үч чендүү чагылдыруу менен кыймылдаткычтын ички компоненттерин изилдөөгө жана абсолюттук тактык менен кемчиликтерин аныктоого мүмкүндүк берет. Биздин диагностикалоонун стандарт эмес ыкмасы эң сонун жыйынтыктарды берүүдө.

 

САЛТТУУ ЭМЕС МАТЕРИАЛДАР

Табият менен технологияны бириктирип, бул айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди азайтуучу чечимдерди иштеп чыгуу үчүн биз экологиялык материалдарды инновациялык жол менен колдонобуз. Табияттын сулуулугун берген интерьердин оригиналдуу деталдарын баалаңыз. Сиз салондон стилдүү жана функционалдуу декоративдик жасалганы, ошондой эле эң жаңы элементтерди көрөсүз.

ВИРТУАЛДЫК РЕАЛДУУЛУКТУН ЖАРДАМЫ МЕНЕН ТЕСТИРЛӨӨ

Биз виртуалдык чындык технологиясын колдонуп, тестирлөө процесстерин жаңы деңгээлге көтөрөбүз. Бул бизге айдоо шарттарын да, айдоочунун реакциясын да так моделдөөгө мүмкүндүк берет. Чөмүлүү эффектин түзүү менен биз коопсуздуктун ар кандай системалары боюнча реалдуу айдоочулардан толук кайтарым байланыш алабыз. Биз бул аспапты рулдагы сиздин ишенимдүүлүктү жана тынчтыгыңызды жогорулатуу менен биздин технологияларды өркүндөтүү үчүн колдонобуз.