Кагылышууларды алдын алуу системасы Lexus LS үчүн эң алдыңкы технологияларды колдонуу менен өнүктүрүлгөн. Мындан ары PCS диоганалдык жактан жакындап келе жаткан коркунучтун булагынан коргоо үчүн алдыга кетип бара жатканда перпендикуляр келе жаткан унаа жөнүндө эскертүү функциясын, ошондой эле эгер тормоздоо кагылышуудан качууга мүмкүндүк бербесе, кыймылдын багытын өзгөртүү үчүн рулду буруунун активдүү жардам берүү функциясын иштетет. Жол кыймылынын башка катышуучулары да мурдагыга караганда бир топ корголгон: түнкү убактарда жөө жүргүнчүлөр жөнүндө эскертүүнүн өркүндөтүлгөн функциясы велосипед тептен адамдарды жана жөө жүргүнчүлөрдү тааныйт.
PCS билдиргичи системасы миллиметрлик диапазондук радарды, алдыңкы каптал радарды жана стереокамераны айкалыштырат, мунун жардамы менен айдоочу айланасындагы жолдун толук маанисин алат. Кагылышуу мүмкүн болгон аймакта башка унаа аныкталса, айдоочу жарык жана үн сигналдарын алып, зарыл болсо тормозду басууга үлгүрөт.
Эгер PCS башка унаа, жөө жүргүнчү же тоскоолдуктарга кагылышуунун алдын алуу үчүн жетишсиз деп аныкталса, активдүү жардам берүү функциясы рулду бурууда рулдук башкарууга таасир этет, ал эми тормоздоо автоматтык түрдө иштейт. Бул система жолдогу жөө жүргүнчүлөр жана тосмолор сыяктуу кыймылсыз объекттерди тааныйт жана унааны мүмкүн болушунча тез арада коопсуз жерге жеткирет.
Унаанын алдынан жөө жүргүнчүнү тааныса PCS айдоочуга проекциялык дисплейинен дүйнөдөгү эң биринчи анимациянын жардамы менен жөө жүргүнүчүн турганы жөнүндө билдирүү технологиясы ишке кирет. Бул анимация жөө жүргүнчүгө жана кагылышуу мүмкүндүгүнө карата унаанын траекториясын көрсөтөт. Мындай типтеги дүйнөдөгү эң биринчи инновациялык функция айдоочуларга алдындагы жол жана маневрлөө убактысы жөнүндө интуитивдүү түшүнүктүү маалымат берет.
Жоопкерчиликти чектөө: Эч кандай шартта Lexus коопсуздук системасы кадимки айдоо принциптеринин ордуна колдонулбашы керек; Системаны колдонуудан мурда бул нускаманы окуп чыгыңыз. Коопсуз айдоо үчүн жоопкерчиликти ар дайым айдоочу тартат.





