КОМПЛЕКСТҮҮ МАМИЛЕ
«LEXUSТУН ЭКОЛОГИЯЛЫК МАСЕЛЕЛЕРГЕ КАРАТА КӨҢҮЛ БУРУУСУ – ЖЕР ПЛАНЕТАСЫН ТЕРЕҢ СЫЙЛООГО ЖАНА АГА КАМ КӨРҮҮГӨ ШАРТТАЛГАН. ПРОЦЕССТИН БЕШ ЭТАБЫ МЕНЕН ТААНЫШЫП, СИЗ LEXUSТУН КАНТИП АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ БУЛГООНУ АЗАЙТКАНЫН КӨРӨСҮЗ».
МАКСАТЫ: ЗЫЯНДУУ ЧЫНЫГДЫЛАРДЫН ЖОКТУГУ
LEXUS КОМПАНИЯСЫ АЙЛАНА-ЧӨЙРӨНҮ КОРГОО ЖААТЫНДАГЫ ТАРМАКТАРДЫ ӨНҮКТҮРҮҮ БАГЫТЫН АНЫКТООНУ ӨЗҮНҮН МИЛДЕТИ КАТАРЫ САНАЙТ.
Туруктуу өнүктүрүү – тармактар жана коомдун алдында турган жүз жылдыктын бирден-бир чыныгы маанилүү милдети экенине ишенебиз. Бул маселенин чечилиши биздин продукцияда гана эмес, компаниянын жана биздин кызматкерлердин ар бир тармагында чагылдырылган.
Туруктуу мобилдүүлүк тууралуу так сунуштамага негизделип, биз төмөнкү чараларды кабыл алабыз:
- Гибрид унаалар сыяктуу инновациялык экологиялык технологияларды иштеп чыгуудабыз
- Биздин ишмердиктин бардык багыттары боюнча айлана-чөйрөгө болгон таасирди азайтабыз
- Өндүрүштө жаратылыш ресурстарынын үлүшүн минималдаштыруу жана кайра иштетилген материалдарды максималдуу түрдө кайра пайдалануу
- Жергиликтүү коомдоштуктар менен бирге биз айлана-чөйрөнүн абалын жакшыртабыз
Биз бул позицияны айлана-чөйрөнү коргоо жаатында лидерликке комплекстүү ыкма деп атайбыз. Биз ишмердигибиздин бардык багыттары боюнча зыяндуу чыгындылар менен таштандыларды жок кылууга умтулабыз. Убакыттын өтүшү менен буга кайдзен (туруктуу өркүндөө) тажрыйбасынын жана фиолосфиясынын жардамы менен жетишерибизге ишенебиз. Себеби так ушулардан Lexusтун өнүгүшү жана ийгилиги көз каранды.
1-ЭТАП: ПРОДУКЦИЯЛАРДЫ ДОЛБООРЛОШТУРУУ ЖАНА ИШТЕП ЧЫГУУ
АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ТИЙГИЗГЕН ТААСИРДИ АЗАЙТУУ ҮЧҮН КАБЫЛ АЛЫНУУЧУ ЧАРАЛАРДЫН НАТЫЙЖАЛУУЛУГУН ПЛАНДАШТЫРУУ ЖАНА БААЛОО ЗАРЫЛ. ОШОНДУКТАН БИЗ ТОЛУК ЦИКЛДҮҮ ЫКМАНЫ КОЛДОНОБУЗ. БУЛ ТУРУКТУУ ӨРКҮНДӨӨНҮН КОМПЛЕКСТҮҮ ПРОГРАММАСЫ КЕРЕКТӨӨЧҮ РЕСУРСТАРДЫ, ОШОНДОЙ ЭЛЕ БИЗДИН ПРОДУКЦИЯЛАРДЫН БАРДЫК ЖАШОО ЦИКЛИ БОЮНЧА АЙЛАНА-ЧӨЙРӨГӨ ЖАНА ДЕН СООЛУККА ТИЙГИЗГЕН ТААСИРИН ЭСКЕ АЛАТ.
Биз биринчилерден болуп жогорку калыбына келтирүүчү материалдарды колдонуп, жарамдуулук мөөнөтү аяктагандан кийин оңой кайра иштетилип, кайра колдонула турган бөлүктөрүн изилдеп колдонуп жатабыз. Lexus унааларынын билинбеген компоненттери да бул принциптин негизинде долбоорлоштурулат: кайра иштетилген бамперлер багаждын тетиктери үчүн, ал эми майдаланган үн басаңдатуучу материалдар – прибордук панелдерге үн жок кылуу үчүн колдонулат.
Эшиктердин панелдери мурдагыдай отун чамындыларынан эмес, кенафтын (гибискус өсүмдүгүнүн бир түрү) сабактарынан жасалат.
Кенаф башка өсүмдүктөргө караганда CO2ни 2-5 эсе сиңирет. Булалардын аралашмасынан жана оңдоочу жайлардан чыккан эски бамперлердин сыныктарынан, жакшыртылган үн өткөрбөй турган касиеттери бар жеңил эшиктин жасалгасынан жасалат. Бул чечим токой ресурстарынын жабыркашына бөгөт коет.
«БИЗ ЧЕКСИЗ КАЙРА ИШТЕТҮҮГӨ МҮМКҮН БОЛГОН ПЛАСТИКАЛАРДЫ ЖАСАДЫК. АЛ БИЗДИН БАРДЫК УНААЛАРДА КОЛДОНУЛАТ ЖАНА МЫНДАН АРЫ БАРДЫК УНАА ӨНДҮРҮҮЧҮЛӨР ҮЧҮН ЖЕТКИЛИКТҮҮ».
2-ЭТАП: ӨНДҮРҮШ
Компания Lexus компаниясы айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы тармактарды өнүктүрүү багыттарын аныктоону өз милдети катары санайт. Биз туруктуу өнүгүү – тармактын жана коомдун алдында турган жүз жылдыктын бирден-бир маанилүү чакырыгы деп эсептейбиз. Бул маселени чечилиши биздин продукцияда гана эмес, компаниянын жана биздин кызматкерлердин ар бир аспекттеринде чагылдырылган.
Биз бул позицияны айлана-чөйрөнү коргоо жаатындагы лидерликке комплекстүү мамиле деп атайбыз. Биз ишибиздин бардык тармактарында зыяндуу чыгындыларын жана калдыктарын жок кылууга умтулабыз. Убакыттын өтүшү менен кайдзендин (үзгүлтүксүз өркүндөтүү) тажрыйбасынын жана философиясынын аркасында буга жетебиз деп ишенебиз. Анткени Lexusтун өнүгүшү жана ийгилиги ушундан көз каранды.
3-ЭТАП: ЛОГИСТИКА
Айлана-чөйрөгө болгон Lexusтун кам көрүүсү процесстердин бардык аспекттерин камтыйт: чийки затты топтоодон жана ташуудан тартып тетиктерди кайра иштетүүгө жана жыйноого чейин, унаалардын тейлөө мөөнөтү аяктагандан кийин шоу-румдун ишинен материалдарды кайра иштетүүгө чейин.
Биз жылына 4920 км басып өткөн аралыкты кыскарттык, бул CO2 чыгарууну 1020 тоннага кыскартты. Биз буга транспорттук каттамдарды кылдаттык менен пландаштыруунун жана ар бир жүк ташуучу унаанын пайдалуу жүктөмүн эки эсеге кеңейтүүгө жетиштик.
4-ЭТАП: ТЕЙЛӨӨ МӨӨНӨТҮ АЯКТАГАНДА УНААНЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮ
ИШТЕТИЛГЕН РЕСУРСТАР МЕНЕН ТРАНСПОРТТУК КАРАЖАТТАРДЫ УТИЛИЗАЦИЯЛОО БОЮНЧА БУЙРУКЧУЛ КӨРСӨТМӨ КАЛДЫКТАРДЫ КЫСКАРТУУГА ЖАНА ЧЕКТӨӨГӨ, ТЕЙЛӨӨ МӨӨНӨТҮ АЯКТАГАН УНААЛАРДЫ КАЙРА ИШТЕТҮҮГӨ ЖАНА МЫНДАН АЛЫНГАН МАТЕРИАЛДАРДЫ КАЙРА ПАЙДАЛАНУУГА БАГЫТТАЛГАН
Lexus компаниясы бул буйрукчул көрсөтмөнүн талаптарын колдойт. Аны аткаруу үчүн белгилүү бир шарттарга туура келген бардык Лексус унааларын акысыз утилизациялоо саясаты киргизилген.
Биз акысыз утилизациялоо программасынын алкагында биздин кызмат көрсөтүүлөрдү жеткирүүчү Autogreen компаниясын тандадык. Анын адистери сиздин унааңыз акысыз утилизациялоого жарамдуубу жана эң жакын кайра иштетүүчү станциянын кайда жайгашканы боюнча кеңеш бере алат. Кененирээк маалыматты www.autogreen.eu веб-сайтынан аласыз.
Lexus компаниясы айлана-чөйрөгө тийгизген таасирин төмөндөтүү үчүн эл аралык деңгээлде иш алып барат. Тейлөө мөөнөтү аяктаган унааларды кайра иштетүү боюнча иш өнөктөштөрүн тандоодо жогорку стандарттарды сактоону камсыз кылуу өтө маанилүү, бул Lexusтун ээлерине унааларды утилизациялоого берүүдө жоопкерчиликти, ишенимдүүлүктү жана натыйжалуулукту берет.
ХИМИЯЛЫК ЗАТТАРДЫ ЖӨНГӨ САЛУУ
Биз айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирди төмөндөтүү боюнча чараларды европалык мыйзамдардын талаптары пайда болгонго чейин кабыл алып баштаганбыз. Биз тиешелүү жок кылуу чаралар көрүлбөгөн учурда коргошун, кадмий жана сымап сыяктуу узак мөөнөттүү экологиялык зыян алып келген оор металлдарды пайдаланууну кыскартып же толугу менен алып салдык. Биздин унаалардын тетиктери жана дат басууга каршы курамдары коргошун камтыбайт, ал эми жарыктандыруу жана которгуч системаларын өндүүрүүдө биз сымапты колдонбойбуз. Ошондой эле зыян заттарды камтыган эритүүчүлөрдү жана боекторду колдонбойбуз
Биз – «Химиялык заттарды мамлекеттик каттоо, экспертизалоо, тастыктамалоо жана жүгүртүүнү жөнгө салуу тартиби» техникалык регламентине - REACHке ылайык иш алпарабыз жана бизнес-өнөктөштөрүбүз менен өзүнүн милдеттенмелерин жана жоопкерчилик чөйрөсүн аңдап түшүнө тургандай кызматташабыз. REACHке ылайык чаралар бардык ишибиздин ажырагыс бөлүгү болуп саналат, анын ичинде өндүрүш, запастык бөлүктөр жана аксессуарлар да кирет. Биз химикаттарды коопсуз иштетүү жана башка химиялык ченемдердин талаптарына ылайык дүйнөлүк лидерликке жетүүгө умтулабыз.*
* ЕБ 2000/53 Комиссиясынын буйрукчул көрсөтмөсүнүн II тиркемесинин «Өзгөчөлөр» бөлүмүндө көрсөтүлгөндөй стартердик аккумулятордук батареялардан башкасы
Өзгөчө коркунучтуу заттар жөнүндө маалымат (SVHC)
REACH регламентинин 33-беренесинде керектөөчүлөр биздин өнүмдөрдөгү өзгөчө коркунучтуу заттардын (SVHC) болушу жөнүндө маалыматтандырылышы керектиги көрсөтүлгөн. Сиздин унаа боюнча маалыматты төмөндө келтирилген тезмектен кароого болот: