LEXUS СПОРТ ЯХТАЛАРЫНЫН КОНЦЕПЦИЯСЫ МЕНЕН ТААНЫШТЫРАТ
ИДЕЯ
Бир нече жыл мурун Toyota деңиз бөлүнүшү — Toyota Marine концерндин президенти Акио Тойоданы деңиз бөлүнүшү жакынкы убактарда өндүрүшү Японияда чыгарыла турган Ponam моделдик катарындагы премиум-класс яхтасында бир нече күн өткөрүүгө чакырган. Lexusтун башкы сыноочу-учкучу катары Акио Тойода турбодизелдик күч агрегаттарынын кубаттуулугу, башкаруунун жеңилдиги жана корпустун өркүдөтүлгөн конструкциясынын туруктуулугу менен суктанган жана Lexus International компаниясынын бренд-менеждменти боюнча директору катары ал яхтанын кандай сонун дизайн менен айырмалап, Lexusтун таанымал стилин деңиз контекстине ылайыкташтыра аларын туура баалады.
Бул эксперименталдык мини-круиз Lexusтун салттуу бакубат жашоо образын кайра карап чыгууга мүмкүнчүлүгү бар экенин көрсөтө алды. 12-январда бренд Ди Лидо Айлендде, Бискейн куймасында, Майами-Бичте, Флоридада өзүнүн жаңы иштеп чыккан - Lexus спорт яхтасынын эксперименталдык концепциясын тааныштырды.
ДИЗАЙН
Эки жогорку өндүрүмдүү Lexus V8s кыймылдаткычтары. тайманбас дизайны жана өзүнө тартып турган башкаруусу бар 6-8 коноктун эс алуусу үчүн ачык спорттук яхта долбоорун түзүү үчүн билдирүүнү Япониянын Тойота Ситидеги Lexus дизайн бөлүмүнө тапшырды.
2015-жылдын жай айларында бөлүмдүн ишинин жыйынтыгына улук башкаруучу директор, концерндин башкы дизайнери жана Lexus International Co компаниясынын президенти Токуо Фукуичи, улук башкаруучу директор, Toyota Шигеки Томояма деңиз бөлүмүнүн начальниги жана концерндин президенти Акио Тойода баа берген.
«Бул Lexus спорт яхтасынын концепциясы Lexus фирмалык дизайны катары деңиз стихиясына айлана ала турганын көрүүгө мүмкүндүк берди. Lexus дизайн бөлүмү үчүн биздин чыгармачыл энергиябызды ойготкон жана биз жакшылап изилдеп үйрөнгөн унаа тармагынын чегинен сырткары биздин кардарларыбыздын жашоо деңгээлин жакшыртуу үчүн жаңы дизайнерлик идеяларга жана мүмкүнчүлүктөргө биздин көңүлүбүздү бурдурган бардык нерселер сыяктуу бул долбоор да абдан кызыктуу жана баалуу болду» - деди Lexus International компаниясынын аткаруучу вице-президенти Ёсихиро Сава. Тандалган сунуштун үстүндөгү иш 2015-жыл ичи бою улантылды, себеби башкалардын сырткары деңиз бөлүмү кеменин конструкциясын жана бардык борттук кеме системасын долбоорлоштуруш керек эле.
Майамиде көрсөтүлгөн Lexus спорт яхтасынын концепциясы өндүрүшкө чыгарууга каралбаган компаниянын бир жолку буюртмасы боюнча иштелип чыккан. Бул кеменин жалгыз үлгүсүн даярдоо үчүн Тойота деңиз бөлүмү жеке инженердик жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрүн жана ири композиттик структуралар менен кол өнөрчүлүк боюнча кеңири тажрыйбасын баалап, АКШнын Висконсин штатынын, Пуласки шаарындагы Marquis-Carver Yacht Group ишканасын тандап алган
ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ
Lexus спорт яхтасынын концепциясында ишке ашырылган дизайнердик чечим кеменин ички бетин эки эселеп кабатталган полиуретандуу эпоксиддүү чайыр менен салмактуу курама панели менен капталган жогорку палубаны жана ички корпусту жиксиз бириктирүүнү тандаган, ал «көмүр була» же «көмүрпластик» аталышындагы композициялык метериал менен - көмүртектүү жиптин колго токулган кездемеси менен бекемделген.
Көмүр пластик - Lexus LFA, жогорку өндүрүмдүү самолеттор, мелдешке чыгуучу лыжалар жана велосипеддер, ошондой эле дүйнөлүк класстагы мелдеш яхталары сыяктуу мелдеш унааларын жана суперкарларды даярдоодо колдонулган технология.
Бул уникалдуу материалды колдонуу менен Lexus спорт яхтасынын концепциясын айнек булалуу пластиктен жасалган окшош яхтага салыштырмалуу 1000 кг салмакты "үнөмдөйт". Корпустун суу алдындагы бөлүгү карама-каршылыкты азайтуу, кемени башкарууну жакшыртуу жана жогорку ылдамдыкта анын туруктуулугун жогорулатуу үчүн тектирлүү жасалган.
Бул концепция ар бири 5 л көлөмдөгү эки V8 кыймылдаткычтарына ээ, алар Lexus RC F купеси, спорт седаны GS F жана жаны модель LC 500 жабдылган 2UR-GSE жогорку өндүрүмдүү кыймылдаткычтын базасында даярдалган.
Бул кыймылдаткычтар 440 ж.к./328 кВт ашык кубаттуулукка ээ, гидравликалык башкаруучу стационардык/кеменин арткы бөлүгүндөгү асма кыймылдаткычтары саатына 49 милге (43 түйүн) чейинки ылдамдыкта жүрүүгө мүмкүндүк берет. Джойстиги бар маңдайкы рулдоочу түзүлмө яхтанын швартовкасын жеңилдетет.
Капитан рулда туруп түстүү сенсордук панелдин жардамы менен борт системаларын контролдойт: экрандар GPS-навигациясынын дайындарын, үстүңкү радарды. суу алдындагы гидролокаторду, ошондой эле санариптик графикаларды, жабдуу параметрлерди жана оюн-зоок түзүлмөлөрүнүн билдирүүлөрүн көрсөтүп турат. Капитандын орундугу электрдик жөнгө салгычка ээ, ал эми өзгөчө коноктор үчүн каптал жактары артка чегинген отургучка айлануу менен анын чыканак койгучтары түшүрүлөт.
Алдыңкы жүргүнчүлөр каютасы жыгач жана айнек жасалгалары менен толукталган булгаарыдан жасалган кооз дизайн менен ырахаттанууга мүмкүндүк берет.
Камбуз эки комфордуу плита, раковина жана түзүлгөн муздаткыч менен жабдылган; кооздолгон алдыңкы бөлүгүндө душу бар.
Камтылган аудио/видео оюн-зоок системасында 4G Wi-Fi жана WAN түйүндөрүнө кошулуу функциялары бар. Үн шыптын панелинин артына катылган жана Mark Levinson®санариптик күчөткүч менен жабдылган Revolution Acoustics динамиктери аркылуу чыгарылат.
TOYOTA MARINE БӨЛҮМҮ ТУУРАЛУУ
1997-жылы Toyota Motor Corporationдун деңиз бөлүмү негизделген, анын максаты эң акыркы технологияны жана Lexus люкс унааларына өндүрүү үчүн мүнөздүү сапатты көзөмөлдөөнүн алдыңкы ыкмаларын колдонуу менен премиум яхталарды иштеп чыгуу.
Toyota Ponam компаниясынын деңиз линиясына 26 жана 28 фут узундуктагы айнек буласынан жасалган спорттук жана балык уулоочу кайыктар, ошондой эле күчтүү жана тынч A5083 ширетүүчү алюминий эритмесинин бекем жана тынч корпустары менен 31, 35, 37 жана 45 фут узундуктагы каюталары бар люкс сейилдөөчү кайыктары кирет.
Ponam моделдери Lexus GX 300d (үч литрлик төрт цилиндрлик турбодизель) жана LX 450d (4,5 л көлөмдүү V8 твин-турбодизели) сымбаттуу жолтандабастарынан кыймылдаткычтарынын негизинде алынган жогорку натыйжалуу турбодизель кыймылдаткычтары менен жабдылган
Toyota Ponam линиясы Япониядагы премиум-классындагы яхта өнөр жайынын лидери болуп саналат. 1998-жылдан 2002-жылга чейин Toyota Marine бөлүмү Epic линиясын – АКШнын рыногу үчүн артыкчылыктуу арналган айнек буласынан жасалган вейкбординг боюнча мелдештер үчүн суу лыжаларынын жана кайктарынын катерлер сериясын иштеп чыккан жана чыгарган.
Marquis Yachts компаниясы жөнүндө: Marquis Yachts жана Carver Yachts брендинин алдында кемелерди долбоорлогон, конструкциялаган жана чыгарган Висконсин штатынын Пуласки шаарындагы көз карансыз жеке компания. Анын эң негизги жетишкендиги –айнек булалуу пластиктен жасалган корпустуу, палубасы жана рубкасы бар 73 фут узундуктагы үч деңгээлдүү сымбаттуу яхта.
Кошумча маалымат www.marquisyachts.com жана www.carveryachts.com. сайттарында берилген.