45-Токио автошоусунун*1 алкагында автопилоттун кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар Lexus LS+ концептуалдык унаасынын дүйнөлүк бет ачары болуп өттү.
Жол кырсыктары жок дүйнөгө салым кошуу аракетинде Lexus коопсуздукту комплекстүү башкаруу концепциясына негизделген эң акыркы технологияларды жигердүү иштеп чыгууда жана ишке ашырууда - Integrated Safety Management Concept *2. Ар бир адам коопсуз, ийкемдүү кыймыл жана айдоодон ырахат ала алышы үчүн, Lexus автоматташтырылган айдоо технологияларын иштеп чыгууда. Бренд 2020-жылдын биринчи жарымында коомдук жолдордо "Шаардык командалаш" деп аталган автоматташтырылган айдоо технологияларын колдонууну пландаштырууда.